super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев БУУнун башкы катчысынын жардамчысы Айше Жихан Султаноглуну кабыл алды

 

Бүгүн, 5-ноябрда президент Алмазбек Атамбаев Бириккен Улуттар Уюмунун башкы катчысынын жардамчысы, БУУнун "Өнүктүрүү" программасынын администратору Айше Жихан Султаноглуну кабыл алды. Жолугушууда Кыргызстан менен БУУнун "Өнүктүрүү" программасынын ортосундагы кызматташтык маселелери талкууланды.

Айше Жихан Султаноглу Кыргызстан 2015-жылдан кийинки мезгилде глобалдуу өнүктүрүү тармагындагы күн тартибин тактоого чоң салым кошконун белгиледи.

Тараптар Кыргызстандын мамлекеттик органдарынын шайлоо процессин өркүндөтүү жана өнүктүрүү боюнча аракеттерин колдоо маселелерин талкуулашты.

Мамлекет башчы Кыргызстан менен БУУнун агенттиктери ортосундагы мындан аркы кызматташтыгы өлкөнү жана аймакты өнүктүрүү кызыкчылыктарына жооп берерине ишенерин билдиргенин президенттик аппараттан билдиришти. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: