super.kg logo
  Саясат  

Бөдөш Мамырова: “Аида Салянова сүйлөгөн сөзүмө укуктук баа бергиси келсе, анда алдыма келсин"

 

Жогорку Кеңештин 6-ноябрдагы жыйынында депутат Бөдөш Мамырова: “Башкы прокурор Аида Салянова парламентке келип, менин сүйлөгөн сөзүмө укуктук баа берип кетсин”,- деп талап кылды. Анын айтымында, Салянова спикер Асылбек Жээнбековдон депутаттын ушул жылдын 23-октябрында парламенттик отурумда сүйлөгөн сөзүнө укуктук баа берүү үчүн стенограмманы сурап кат жазган. “Эгерде укуктук баа бергиси келсе, алдыма келсин. Мен Бишкектеги аялдар колониясында абакта отурган Адина Турдубаеванын депутаттарга жазган катын ушул жылдын 23-октябрында ушул жерден кесиптештериме окуп бергем. Төрөбай Закирович, прокурордун жазган катына кол коюп, башка депутаттарга да таратып бериңиз”,- деди Мамырова.

Маселе бүгүнкү күндүн күн тартибине киргизилип, саат 14:00гө Аида Салиянова парламентке чакыртылды.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: