Парламент: Айыпталып жаткан депутаттар боюнча комиссия түзүү сунушу күн тартибинен алынды
Парламент прокуратура жана УКМК тарабынан айыпталып жаткан депутаттар Каныбек Осмоналиев менен Урмат Аманбаевага байланышкан ишти иликтеп чыгуу үчүн депутаттык комиссия түзүү сунушу тармактык комитетке жиберилет. Мындай чечим Жогорку Кеңештин 6-ноябрдагы жыйынында кабыл алынды. Жыйында депутат Жусупали Исаев: “Кечээ депутаттык комиссия түзүү боюнча сунуш кылдым эле, каралбай калды. Ошон үчүн алгач тармактык комитеттин кароосуна киргизели”,- деп сунуш кылды. Вице-спикер Төрөбай Зулпукаров бул боюнча тармактык комитетке тапшырма берерин айтты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

