super.kg logo
  Саясат  

Асылбек Жээнбеков: "Кесипкөйлүк менен чынчылдык кыргыз журналистикасынын негизги принциби бойдон каларына ишенем"

 

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков бүгүн, 6-ноябрда маалымат жана басма сөз кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Спикердин куттуктоосунун мазмуну төмөнкүдөй:

"Урматтуу массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү!

Сиздерди Жогорку Кеңештин атынан кесиптик майрамыңыздар – Маалымат жана басма сөз күнү менен чын дилимден куттуктайм. Сиздер Кыргызстанда болуп жаткан окуялар тууралуу өлкөбүздү эле эмес, дүйнөлүк коомчулукту да кабардар кылуу менен өлкөбүздө ачык жана адилет коомдун түптөлүшүнө өз салымыңыздарды кошуп жатасыздар. Мындай жоопкерчиликтүү жана татаал миссияны аткаруу үчүн зарыл болгон кесипкөйлүк менен чынчылдык кыргыз журналистикасынын негизги принциптеринин бири болуп кала берерине ишенем. Өлкөбүздө мамлекеттүүлүктү бекемдөө жана демократияны өнүктүрүү багытында Жогорку Кеңеш “төртүнчү бийликтин” өкүлдөрү менен мындан ары да тыгыз кызматташа бермекчи.

Урматтуу журналисттер, сиздерге чың ден соолук, чыгармачылык жаңы бийиктиктерди жана как жарган калыстыкты каалайм!" 

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: