Орусия. Кыргызстандык айымды зордуктоого шектелген полиция кызматкеринин башка кылмыштарга катыштыгы текшерилүүдө

Москвада "кош бойлуу кыргызстандык айымды зордуктады" деп шектелген полиция кызматкеринин башка кылмыштарга катыштыгы иликтенүүдө. Мындай чечимге тергөөчүлөр полиция кызматкеринин бөлмөсүн текшергенден кийин келишкен.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Маалыматка караганда, кылмышка шектүүнүн жумуш ордунан биологиялык тактар табылган. Эксперттер алардын ар кайсы адамга тиешелүү экенин божомолдошууда. Ошондой эле шектүү Валерий Говоровдун башка айымдарды да жыныстык катнашка мажбурлоосу мүмкүндүгүн айтышууда.
Метродогу камерага полиция кызматкеринин айымдын документтерин текшерүү үчүн алып бара жатканы тартылып калган.
Кыргызстандык айым шектүүнүн бөлмөсүнөн чыккандан кийин башка полиция кызматкеринен жардам сурап, бирок ал жардам бербей койгонун тергөө учурунда билдирген. Жумушка кечигип баргандыгы үчүн айып салынарын айтышканда гана окуя тууралуу айтып, укук коргоо органдарына кайрылганын кошумчалаган. Бул тууралуу 6-ноябрда орусиялык ММКлар маалымдады.
Москвада полиция кызматкери кыргыз айымды зордуктады
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:54
2025-06-27

10:13
2025-06-27

Рейтинг:
0

Улуттар арасында талаш-тартышты жаратуучу пикирлерди калтырууга, ушундай иш-аракеттерди жасоого тыюу салган талап бар. Провокацияга жол берилбейт! Эскертүү!
Башкалардын улутун, динин жана башка нерселерин кемсинткен билдирүүлөргө тыюу салынат.
Аракет кылабыз.
Провокация жарата турган билдирүүлөргө тыюу салынат.