super.kg logo
  Саясат  

Эльвира Сариева европалык стандарттагы санариптик телеберүүнү ишке киргизүү аземине катышты

 

Бүгүн, 6-ноябрда КРнын Вице-премьер-министри Эльвира Сариева DVB-T2 стандарттагы санариптик телеберүүнү жана спутник стандартындагы DVB-S2 телеберүүнү ишке киргизүү аземине катышты. Бул тууралуу КРнын Өкмөтүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чаранын жүрүшүндө Э.Сариева санариптик телеберүүнүн ишке киргизилүүсү санариптик берүү программасынын биринчи кадамы болуп саналарын билдирди. "2015-жылы өлкөнүн жарандары санариптик сигналдарды кабыл алыш үчүн дагы бир топ иш-аракеттерди жүргүзүшүбүз керек. Бул иштин биринчи бөлүгүнүн жыйынтыгы менен санариптик сигналдын жана телеберүүнүн сапатын текшере алабыз. Мындан кийин "Кыргызтелеком" ишканасы жалпы республика боюнча тармакты улантышы керек",- деди вице-премьер-министр.

Мындан тышкары ал өкмөт тарабынан жергиликтүү телекомпанияларга кошумча акча каражат бөлүп берүүнү пландап жаткандыгын баса белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: