super.kg logo
  Саясат  

Бүгүн Кыргызстан менен Казакстандын президенттери Астанада жолугушат

 

Бүгүн, 7-ноябрда Казакстандын борбору Астана шаарында Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев менен Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев жолугушат. Кыргызстандын президентинин Казакстанга болгон мамлекеттик иш сапарынын программасына таянсак, өлкө башчылардын жолугушуусу 4-Жогорку мамлекеттер аралык кеңешинин жыйынынын алкагында өтмөкчү. Президенттердин жолугушуусунда Казакстандан Кыргызстанга импорттолчу электр энергиясынын бааларынын бекитилери айтылган.

Алмазбек Атамбаев баштаган делегациянын курамында тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев, Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Эсенгул Өмүралиев, экономика министри Темир Сариев, энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев жана башкалар бар.

Айта кетсек, 2003-жылдын 25-декабрында Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын Жогорку мамлекеттер аралык кеңеши түзүлгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: