Эльвира Сариева жашоосу оор үй-бүлөлөрдү социалдык жактан коргоо жакшыртылганы жатканын айтты
Вице-премьер-министр Эльвира Сариева 6-ноябрда Кыргызстандын 2015-2017-жылдарга карата Калкты социалдык жактан коргоону өнүктүрүү программасы талкууланган тегерек столго катышты. Вице-премьер белгилегендей, программанын башкы максаты — социалдык жактан корголбогон жарандар категориясын сапаттуу тейлөө менен камсыздоо жана алар үчүн бирдей мүмкүндүктөрдү түзүү. "Документ социалдык коргоонун так багытын аныктайт. Программанын келечектүү багыттары - жашоо шарты оор үй-бүлөлөрдү жана балдарды, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандарды жана карыларды социалдык жактан коргоо",- деди Сариева.
Өкмөттөн билдиришкендей, программа долбоорун иштеп чыгууда эксперттер жана тийиштүү органдардан 125тей сунуш берилген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

