super.kg logo
  Саясат  

Улуттук онкологиялык борбордун кышка даярдыгы начар

 

Бишкек шаарындагы Улуттук онкологиялык борбордун кыш мезгилине даярдыгы начар. Муну 7-ноябрда парламенттин басма сөз кызматы билдирди. Депутаттар Эркингүл Иманкожоева менен Гүлнара Жамгырчиева 6-ноябрда аталган борбордун абалы менен таанышып чыгышкан. 

Маалым болгондой, борбордо учурда капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүүдө. Оңдоо иштери үстүбүздөгү жылдын май айында башталгандыгына карабастан, азыркыга чейин бүтө элек. Учурда оорукананын торакалдык жана кайра жандандыруу бөлүмдөрү иштебей турат. Бейтаптарды дарылоодогу санитардык нормалар сакталбай, иретсиз жагдай түзүлгөн. Борбордун чатыры толук жабылган, эшик-терезелери талкаланган абалга келип, жылытуу системи өчүрүлгөн.

Борбордун дарыгери Азимкан Мырзаканованын айтымында, оңдоо иштери башталган кезде бир ордунан жылдырууга мүмкүн болбогон операция жасалуучу медициналык аппараттар алынып салынган. Оор абалда келген бейтаптарды кабыл алып, дарылоого шарт жок. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: