super.kg logo
  Саясат  

Бельгияда айлыктын аздыгынан митингге чыккандар менен полиция кагылышты

 

Бельгия өкмөтүнүн пенсияга чыгуудагы жаш куракты көтөрүү, айлыктарды жогорулатпай кармап туруу планына каршы 100 миңдей жаран өлкө борбору Брюсселде митингге чыгышты. Чет элдик ММКлардын маалыматтарына караганда, 6-ноябрда полиция демонстрацияга чыккандарды көз ачыштыра турган газ менен кууганга аракет кылса, нааразы тарап таш, темир менен соккулап, ортодо чоң кагылышуу орун алды. Натыйжада 20га чукул адам ооруканага жеткирилгени айтылды. Ошондой эле митингге чыккандар бир нече автоунааны өрттөп жиберишти. Өкмөт башчы Шарль Мишел профсоюз уюмдарынын лидерлери менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүүдө. Профсоюздар уюму эгер талаптар аткарылбаса, акция улана берерин билдирүүдө. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: