super.kg logo
  Саясат  

Асылбек Жээнбеков Владимир Путин менен жолугушуу учурунда Кыргызстан менен Орусиянын кызматташуусу өнүгүп жаткандыгын айтты

 
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Асылбек Жээнбеков Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин парламент жетекчилери менен биргеликте 6-ноябрда Москвада Орусия Федерациясынын Президенти, Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун кеңешинин төрагасы Владимир Путин менен жолугушту. 

Жолугушуу Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Парламенттик ассамблеясынын кеңешинин жыйынынын алкагында өттү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди. 

Төрага акыркы жылдары сапаттык жаңы деңгээлге көтөрүлгөн Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы мамлекеттер жана парламенттер аралык кызматташуунун активдүү өнүгүп жаткандыгын айтты. Ал суу-энергетика тармагындагы бирдиктүү стратегиялык долбоорлорду ишке ашыруунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Жолугушуунун катышуучулары Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Парламенттик ассамблеясынын кеңешинин жыйынынын жыйынтыгын талкуулап, коопсуздукка байланышкан актуалдуу маселелердин тегерегинде пикир алышышты. Ошондой эле Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Парламенттик ассамблеясынын алкагында кызматташууну бекемдөө жаатында ой бөлүшүштү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: