Кыргызстан менен Казакстандын Жогорку мамлекеттер аралык кеңешинин 4-жыйынында үч келишимге кол коюлду





Бүгүн, 7-ноябрда Астана шаарында өткөн Кыргызстан менен Казакстандын Жогорку мамлекеттер аралык кеңешинин 4-жыйынынын аягында үч келишимге кол коюлду.
Автор: Нургазы Аматов
Фото: Нургазы Аматов
Алар:
- Кыргыз Республикасы жана Казакстан Республикасынын ортосундагы кызматташтык боюнча иш-чаралардын планы тууралуу;
- Евразиялык интеграциянын алкагында Кыргыз Республикасы жана Казакстан Республикасынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү тууралуу;
- Энергетикалык тармактагы кызматташтык тууралуу.
Жолугушуунун жүрүшүндө соода-экономикалык, инвестициялык, отун-энергетикалык, маданий-гуманитардык тармактарда кызматташуу маселеси талкууланды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

