Алмазбек Атамбаев: "Кыргызстанда быйыл свет өчүрүүлөр болбойт"





"Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев агайыбыздын жардамы менен эми бизде (ред. Кыргызстанда) маал-маалы менен свет өчүрүүлөр болбойт",- деди бүгүн, 7-ноябрда Кыргызстан жана Казакстандын Жогорку мамлекеттер аралык кеңешинин 4-жыйынынын жыйынтыгында Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев. Өлкө башчынын айтымында, казак эли электр энергиясын өчүрүү эмне экенин билишпейт, анткени алардын мыкты президенти бар.
Автор: Нургазы Аматов
Фото: Нургазы Аматов
"Биз болсо 2008-2009-жылдары ушундай түйшүккө кабылганбыз. Электр жарыгы жок, караңгылыкта убакыт өткөргөн учурлар болгон. "Ушул кышкы мезгилде да светти маал-маалы менен өчүрүү керек" деп мурунку министрибиз айтып келген, бирок мен макул болгон эмесмин",- деди президент.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
5

