super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев: "Ысык-Көлдүн эли жакшы салттарын улап, өлкөбүздү алдыга сүрөй берет деп ишенем"

 

Президент Алмазбек Атамбаев Ысык-Көл облусунун түзүлгөндүгүнүн 75 жылдыгы менен кыргызстандыктарды куттуктады. Куттуктоодо булар айтылат:

“Урматтуу Ысык-Көл облусунун тургундары!

Кымбаттуу мекендештер!

Бардыгыңыздарды Ысык-Көл облусунун түзүлгөндүгүнүн 75 жылдык майрамы менен чын дилимден куттуктайм!

Ысык-Көл - кыргыз элинин энчисине ыроолонгон жаратылыштын керемети. Көл кылаасынын ажайып сулуулугу байыртан башка элдерди да суктандырып, облустун келечегине жакшы таасирин тийгизген. Ар улуттагы элдердин башын бириктирип, ынтымакта жашоого, билимге, илимге жол ачып, маданиятты өнүктүрүүгө өбөлгө түзгөн. Мамлекет башына коркунуч келген Улуу Ата Мекендик согуш жылдары кыргыздар, орустар, украиндер, казактар, өзбектер ийин тирештирип, Николай Ананьев, Жумаш Асаналиев, Казак Жаркымбаев, Григорий Конкин, Василий Кайкин, Иван Москаленко сыяктуу Ысык-Көлдүн ондогон кулундары Ата Мекенибиз үчүн, азыркы тынч заман үчүн өмүрүн курмандыкка чалып, ысымдарын түбөлүккө өчпөс кылып калтырышкан.

Облустун экономикасын көтөрүүгө, эл чарбасын калыптандырууга дагы боордош элдердин өкүлдөрү татыктуу салым кошушкан. Ал эми Социалисттик Эмгектин эки жолку Баатыры, СССРдин Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, Кыргыз Республикасынын Баатыры Таштанбек Акматов агабыздын эмгекчилдиги, жаратмандыгы менен Көл кылаасы гана эмес, жалпы Кыргызстан эли сыймыктанат.

Эзелтен Ысык-Көл облусу өнөр жайын, айыл чарбасын, туризмди өнүктүрүп, өзүн гана толук камсыз кылбастан, республикалык бюджетке да олуттуу салым кошуп келет. Ысык-Көлдүн келечеги кең, өр таяп өсө турган кереметтүү жер. Дүйнө элдери эс алуучу, ден соолугун чыңдоочу, эл аралык иш-чараларды, спорттук мелдештерди, оюндарды өткөрчү борборго айлануу мүмкүнчүлүгү бар. Ошол максатта облустун өнөр жайын, айыл чарбасын өнүктүрүү, жолдорун реконструкциялоо, туризм инфраструктурасын жакшыртуу, кылмыштуулукка каршы күрөштү күчөтүп, криминалдын тамырын кыркуу боюнча аткара турган иштер арбын.

Жаңычылдыкка умтулуп, ар дайым заман менен үзөңгүлөш болуп келген Ысык-Көлдүн эли көп жылдар бою калыптанган жакшы салттарын улап, көп улуттуу элдердин башын бириктирип, өлкөбүздү алдыга, өнүгүүнү карай сүрөй берет деп ишенем. Атагы алыска тараган даанышман акелердин урпактары жакшы турмуш, жаркын келечек ынтымакта, биримдикте экендигин терең түшүнөрү шексиз.

Бардыгыңыздарга чың ден соолук, бакыт-таалай жана бакубатчылык каалайм. Кыргызстандын сыймыгы болгон касиеттүү Ысык-Көл кылаасы бийик маданияттын, алдынкы экономиканын үлгүсү болушуна тилектешмин".






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: