Жаан-чачынга байланыштуу унаа жолдордо кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт

7-10-ноябрда күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-137 жана 198-265-чакырымдарында, Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу жолунун 45-90 жана 145-150-чакырымдарында, Ала-Бука - Каныш-Кыя жолунун 62-100-чакырымдарында кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт. Мындан улам унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймылы так сакталышы зарыл. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бүгүн, 8-ноябрда билдирди.
Ошондой эле аталган министрлик 7-10-ноябрда күтүлүп жаткан катаал аба ырайы айыл чарба иштерин үзгүлтүккө учуратып, автоунаа, байланыш түйүндөрү, энергетика жана коммуналдык кызматтардын иши да кыйындаарын эскертти.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Kanat8427

09.11.2014. 23:46
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сактасын, менда эртен жолго чыгышым керек эле.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.