Кемин районунда "кой кайтарганы чыккан боюнча дайынсыз" деп изделип жаткан 8 жаштагы 2 бала табылды

Кемин районунда "кой кайтарганы чыккан боюнча дайынсыз" деп изделип жаткан 8 жаштагы эки бала табылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 8-ноябрда билдирди.
Маалыматка караганда, кечээ, 7-ноябрь күнү 2006-жылы туулган эки бала кой кайтарганы чыгышкан. Бирок кечке жуук койлор келип, тиги эки бала үйүнө келишкен эмес. Мындан улам ата-энеси милицияга кайрылган. Аларды издөөгө куткаруучулар, айыл тургундары, милиция кызматкерлери тартылган. Бактыга жараша, изделип жаткан 2 бала ошол эле күнү аман-эсен табылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:54
2025-06-27

10:13
2025-06-27

13:44
2025-06-26
Рейтинг:
-1

Мен деле айылда жашайм, 8 жаштагы балам 2- класста окуйт. Өзүбүз Россиядабыз, кайнатамдаг сурангам, мектепке алып барып, алып келип тургула деп. Минимум 10 жаштан жогоруларды жумшаш керек талаа жакка.
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.