Алмазбек Атамбаев Казакстандын премьер-министри Карим Масимов менен жолугушту
Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев 7-ноябрда Астана шаарындагы иш сапары учурунда Казакстандын премьер-министри Карим Масимов менен жолугушту. Жолугушууда эки өлкөнүн соода-экономикалык, инвестициялык жана отун-энергетика чөйрөлөрүндөгү кызматташтыгы талкууланды. Карим Масимов президент Алмазбек Атамбаевге Кыргызстан менен Казакстандын Жогорку мамлекеттер аралык кеңешинин 4-жыйынын жыйынтыгында кабыл алынган чечимдерди жана макулдашууларды ишке ашыруу үчүн Казакстандын өкмөтү аракеттене турганына ишендирди.
Автор: Автандил Добулбеков
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















