super.kg logo
  Саясат  

Мелис Турганбаев Москвадагы мекендештер менен жолугушту

 
Кыргызстандын ички иштер министри Мелис Турганбаев 9-ноябрда Москвадагы кыргыз диаспорасынын активдери менен жолугушту. ИИМдин билдиришинче, жолугушууда Кыргызстандын жарандарынын Орусияга кириши, алардын укук, милдеттери, кылмыштуулукка каршы күрөшүүгө тийиштүү маселелер талкууланды. Министр Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Орусиядагы жаңы өкүлү катары Аскат Алиевди тааныштырды. Алиев буга чейин Чүй ОИИББинин башчысынын орун басары болуп иштеп келген. Жаңы өкүлгө жоопкерчиликтүү милдет жүктөлгөнүн айткан Турганбаев укук бузуулардын алдын алуу иштерин күчөтүү зарыл экенин белгиледи. Жыйынтыгында элчиликтин айрым кызматкерлерине Кыргызстандын Ички иштер министрлиги менен кызматташтыкты бекемдегени үчүн мааракелик мекемелик медалдар жана белектер тапшырылганы айтылды.  





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: