super.kg logo
  Саясат  

Барак Обама Конгресске шайлоодо демократтардын утулушу боюнча жоопкерчиликти өзүнө алды

 
АКШнын президенти Барак Обама Конгресске шайлоодо Демократиялык партиянын утулуп калышы боюнча жоопкерчиликти өзүнө алды. Чет элдик маалымат булактарына берген маегинде Обама "Биз жеңилүү ызасын тарттык. Бул жеңилүү боюнча жоопкерчиликти өзүмө алууга милдеттүүмүн" деп билдирген. Президент өзүнүн жасаган иштери америкалыктарга дайыма эле байкала бербестигин белгилеп, буларды айтты: 
"Талашсыз, экономика бир кыйла өстү. Быйылкы жылдын октябрь айында эле 200 миңдей жаңы иш орундары түзүлдү. Менин президенттик мөөнөтүмдүн тушунда жалпы 10 миллиондой иш орундары пайда болду. Жумушсуздуктун деңгээли биз ойлогондон бир топ тезирээк төмөндөдү". 
Эскерте кетсек, 4-ноябрда өткөн Конгресске шайлоодо Республикалык партия жеңип чыгып, Сенатта көзөмөл жүргүзүү укугун демократтардан тартып алды. 
Шайлоого чейин эксперттер АКШда Барак Обаманын рейтинги өтө төмөндөп кеткенин, мунун кесепети Демократиялык партиянын Конгресстеги көп орунун жоготууга алып келиши мүмкүн экенин айтып келишкен эле.  





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: