super.kg logo
  Саясат  

Кыргызстан: Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабы ыкчам жыйын өткөрүп, ага президент Алмазбек Атамбаев катышат

 

Бишкекте 13-ноябрдан 17-ноябрга чейин Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын жетекчиси Асанбек Алымкожоевдин жетекчилиги астында Башкы штабдын жетекчилик курамы менен ыкчам жыйыны өтөт. Муну бүгүн, 10-ноябрда аталган мекемеден билдиришти. Жыйындын башкы максаты жогорку мобилизациялык жана күжүрмөн даярдыкты сактоо боюнча башкаруу органдарында бирдиктүү иштөө ыкмасын иштеп чыгуу, өздүк курамдагы сапаттуу ыкчам жана күжүрмөн даярдыкты уюштуруу, аскердик тартипти жана аскер кызматчыларынын арасында укук тартибин чыңдоо, аскерлер менен күчтөрдү ар тараптуу камсыздоо экени айтылды. Жыйындын 14-ноябрдагы ишине өлкө президенти, Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн башкы кол башчысы Алмазбек Атамбаевдин катышуусу күтүлүүдө.

Ушул эле күнү өздүк курамды, курал-жарактарды, техникаларды (брондук, автоунаа, авиациялык) тартуу менен көрсөтмө-методикалык сабактарды өтүү да пландалууда. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: