super.kg logo
  Саясат  

Өлкө башчы кыргызстандыктарды Илим күнү менен куттуктады

 

КРнын Президенти Алмазбек Атамбаев кыргызстандыктарды Илим күнү менен куттуктады. Бул тууралуу 10-ноябрда президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Өлкө башчы куттуктоосунда Кыргызстандын социалдык-экономикасы суроо-талапка ылайык экономикалык изилдөөлөр жана алардын иш жүзүндө колдонулушун бекемдөөсүз өнүгүшү мүмкүн эместигин белгилеп, бүгүнкү күндө жаңы конструктивдүү идеялар керектигин айткан. Аны менен катар илимий мекемелердин эффективдүүлүгү азыркы тапта төмөнкү деңгээлде экенин, ата мекендик илим эл аралык деңгээлге чыкпай жатканын кошумчалап, бул жаатта реформа жүргүзүү зарылдыгын баса белгилеген. 

"Кыргызстандын илимий интеллигенциясы жоопкерчилик менен өз билгендерин, тажрыйба, аракеттерин дүйнөлүк экономикага алып чыгарына ишенем. Силерге бекем ден соолук, ийгилик, өлкөбүзгө өнүгүү каалайм!"- деп айтылат маалыматта. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: