Бишкек шаардык салык кызматынын жооптуу өкүлүнө УКМК кылмыш ишин козгоду
Бишкек шаарында Мамлекеттик салык кызматынын кызматкери "кызматтык абалын кыянаттык менен пайдаланган" деп айыпталууда. УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы атайын текшерүүнүн жүрүшүндө салык кызматкеринин былык иши ачыкка чыкканын билдирет. Маалыматка таянсак, 2014-жылы Мамлекеттик салык кызматынын Бишкек шаардык башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери тарабынан чарбалык ишканалардын бири тийиштүү салыкты төгүүдөн бошотулуп, шаардык салык органы тийиштүү чечимди чыгарып берген. Муну менен мамлекетке 1 миллион 601 176 сом зыян келтирилгени айтылууда.
Факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жататат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:50
2025-06-27
Рейтинг:
2

Комментарийлер(1)
nuru95kg

10.11.2014. 12:12
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ушундай адамдар азайса Кыргызстаным онугуп кетмек! Ырас кылат! 100 эсе мойнуна илипкойсун! Жаман жиним келет ушундай кыянатчыларды окусам
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.