super.kg logo
  Саясат  

Агрардык комитет өкмөттүн таза суу боюнча программасын колдоду

 

Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү комитетинин 10-ноябрдагы жыйынында өкмөттүн калктуу конуштарын ичүүчү суу менен камсыз кылуу боюнча программасы каралды. Комитет мүчөлөрү улуттун ден соолугу башка экономикалык көйгөйлөрдөн жогору турарын айтып, эң эле биринчи элди таза суу менен камсыздоо керектигин айтышты. Депутат Эсенгул Исаков таза суу киргизип жаткан түтүктөр кеминде 50 жылга чыдамдуу болуш керектигин билдирип, бул жааттагы өтүп жаткан тендерлерди таза өткөрүү керектигине токтолду. "Убагында президент, өкмөт башчы өздөрү баш болуп барып, кызыл тасмасын кесип, ачып келген жерлердин да таза суулары чыкпай жатат. Түтүктөр 50 жылга иштеш керек. Ал үчүн тендерлерди да таза өткөрүү милдети бар", - деди ал.

Вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, аталган программаны иштетүү үчүн кийинки он жыл ичинде 13 миллиард сом керек болорун билдирди.

Комитет жыйын соңунда программанын долбоорун колдоду. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: