super.kg logo
  Саясат  

Депутаттар Ысык-Көлдүн экологиясына өкмөт кам көрбөй жатканын айтышты

 

Жогорку Кеңештин депутаттары жайында Ысык-Көлдүн жээгин эс алуучулар бош бөтөлкөгө толтуруп жатканын айтышты. Мындай пикир Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин 10-ноябрдагы жыйынында айтылды. Депутат Мамытбай Салымбековдун айтымында, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция өз ишин аткарбай жатат.

"Ысык-Көлдө жылына 2 миллион адам эс алат деп айтып жатабыз. Эгерде алардын ар бири күнүнө 3төн бөтөлкө суу ичсе, анда көл жээгинде 6 миллион бөтөлкө калат, ал эми 3 айда канчалаган бөтөлкө болуп жатат? Буга Экологиялык-техникалык инспекция көзөмөл кылышы керек. Инспекциянын түзүлгөнүнө 3 жыл болду, бирок аткарган иши жок. Элдин баары көл боюнда казан асып, экологияны бузуп жатат",- деди ал. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: