super.kg logo

Чүйдүн жашоочусу коңшусунун тууганын таш менен чаап, натыйжада жабырлануучу каза тапты

 

Панфилов районунун жашоочусу мас абалында коңшусунун тууганын таш менен башка чаап качып кеткен. Жабырлануучу операция учурунда көз жумган. Иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 42 жаштагы жергиликтүү тургун кармалган. Бул тууралуу бүгүн, 10-ноябрда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.  

Белгилүү болгондой, 5-ноябрь күнү саат 17:30 чамасында жергиликтүү милиция күзөтүнө "аймактык ооруканага башынан жаракат алган жаран түштү" деген маалымат келген. Жабырлануучу операция учурунда көз жумган. 26 жаштагы маркум Жаңы-Пахта айылынын тургуну болгон. Ал туугандарынын үйүнө конокко келип, бирок үйдө эч жок болгондуктан, маркум тууганынын коңшусу менен алкоголдук ичимдиктерди ичкен. Ортодон уруш чыгып, экөө мушташып, окуядан кийин кылмышка шектүү качып кеткен.

Учурда "саламаттыкка атайылап оор залал келтирүү" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүүдө. Кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайга жеткирилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
13.11.2014. 00:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аракбы дагын себепкер...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: