super.kg logo
  Саясат  

Транспорт жана коммуникация министрлигинин мурунку статс-катчысы Максатбек Дыйкановдун иши сотко өттү

 
Кыргызстандын Транспорт жана коммуникация министрлигинин мурунку статс-катчысы Максатбек Дыйкановго (сүрөттө) карата ачылган кылмыш ишинин материалдары сотко жиберилди. Муну парламенттин Коррупцияга каршы күрөшүү комитетинин 10-ноябрдагы жыйынында башкы прокурордун орун басары Темирбек Бекмамат уулу билдирди. Айтымында, Дыйкановдун мамлекетке келтирген зыяны 22 миллион сомду түздү. "Бир эпизод боюнча эле 6 миллион сомдук зыян келтирген деп айыпталууда. Бул сумма пара алуудагы акча. Коррупциялык схема көп жылдан бери иштеп келген. Кеп Дыйкановдун схемасы тууралуу эле эмес, мурунку транспорт министри Нурлан Сулаймановдун да схемасы жөнүндө болуп жатат",- деди Бекмамат уулу. 
Эскерте кетсек, М.Дыйканов быйыл июль айында камакка алынган. Ал "коррупция" жана "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелери боюнча айыпталууда. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: