super.kg logo
  Саясат  

Асылбек Жээнбеков парламент инвестициялык климатты жакшыртууга аракет кылып жатканын айтты

 

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков бүгүн, 10-ноябрда Эл аралык валюта фондунун Жакынкы Чыгыш жана Борбор Азия боюнча департаментинин жетекчиси Эдвард Гемайл баштаган делегацияны кабыл алды. Жээнбеков аталган фонддун акыркы жылдары Кыргызстандын экономикалык жактан көмөк көрсөткөнү үчүн ыраазычылык билдирди. Айтымында, Кыргызстан ЭВФ менен кызматташууга өзгөчө маани берет жана аны маанилүү өнөктөш катары санайт. Спикер кыргыз парламенти өлкөнүн инвестициялык климатын жакшыртуу, банктык, бюджеттик секторун бекемдөө багытында иш алып барарын белгиледи.

Гемайл Кыргызстан менен кызматташтык мамилелерин улантууга жана аны андан ары өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди. Фонд Кыргызстан үчүн жаңы программаны ишке киргизүү боюнча кыргыз өкмөтү менен сүйлөшүү жүргүзүп жатканын айтып: "Негизги артыкчылыктары катары, мурдагы программада камтылгандай, бюджетти чыңоону күчөтүү, банк жана каржылык секторду бекемдөө, ошондой эле экономика тармагында түзүмдүк реформаларды жүзөгө ашырууну белгилөөгө болот",- деди ал. 

Жолугушууда Кыргызстандын Бажы биримдигине жана Евразиялык экономикалык мейкиндикке кириши тууралуу да пикир алышканын ЖКнын маалымат кызматы билдирди 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: