super.kg logo
  Саясат  

Чек ара бекеттери 2015-жылдын 1-июлуна чейин тамак-аш менен 100 пайыз камсыздалган

 

Чек ара кызматынын төрагасы Райимберди Дүйшөнбиев Жогорку Кеңештин Коргоо жана коопсуздук комитетинин 10-ноябрдагы жыйынында Мамлекеттик чек ара кызматынын "Нарын" чек ара кошуунунун жана анын чек ара тозотторунун 2014-2015-жылдын кыш мезгилине даярдыгын кароо боюнча маалымат берди.

Анын айтымында, чек ара бекеттери 2015-жылдын 1-июлуна чейин тамак-аш менен 100 пайыз камсыздалган. Дүйшөнбиев чек арачылардын үй-бүлөлөрү да кышында айылдарга көчүрүлүп келерине токтолду.

Чек араларга барчу жолдор табигый кырсыктардан улам эрте жабылып калгандыктан, тамак-аш менен алдын ала камсыздалган. Андан сырткары үй-бүлөлөрүн атайын чечим менен кышында айылдарга көчүрүп келебиз, жайында болсо кайра ошол чек ара бекеттерине алып барабыз”,- деди.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: