Орусияда айдоочуларды өлтүрүп жүргөн экстремисттик топту кармоо учурунда алардын башчысы - кыргызстандык жаран набыт болду

Орусиялык маалымат каражаттары Дон, Чоң жана Кичи бетон айланма унаа жолдорунда айдоочуларды өлтүрүп жүргөн экстремисттердин тобун кармоо учурунда алардын башчысы - кыргызстандык жаран өлтүрүлгөнүн жазып чыгышты. Ошондой эле ал Орусиянын Башкы прокуратурасынын Иш башкармалыгынын жетекчисинин үйүндө жашап келгени аныкталды.
10-ноябрда жазылган маалыматтарга караганда, буга чейин "GTA" тобу деп белгилүү болгон экстремисттердин
тобун кыргызстандык 32 жаштагы Рустам Усманов жетектеп келген. Аталган топтун буга чейин өлтүрүлгөн 14 адамдын өлүмүнө тиешеси бар экени айтылууда.
Маалым болгондой, 6-ноябрга караган түнү Рустам Усманов Москва облусуна караштуу Раменск районундагы жашынып жаткан үйдөн аны кармоодо каршылык көрсөтүп, анын натыйжасында өлтүрүлгөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:50
2025-06-27
Рейтинг:
3

тв'дан коргондо кавказдыктарга окшотум эле...
1. Абсматов Рашид.
2. Охунов Нематджон.
3. Чекушина Марина.
4. Рахимов Абдунаххоб.
5. Ибрагимов Диербек.
6. Ахмаджонов Алербек.
7. Султанова Хосият.
8. Султанова Мархабо.
9. Султанов Толибжон.
10. Мамадчонов Абдумуким.
Баары кыргыз эмес болуп турбайбы,акыркы болсо тажикстандык орус жараны экен
Башкалардын улутун, динин жана башка нерселерин кемсинткен билдирүүлөргө тыюу салынат.
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикир, суроо же сунуш болсо info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.