super.kg logo
  Саясат  

Түркмөнстан Кыргызстан менен энергетика жана транспорт жаатында кызматташууга кызыкдар

 

Түркмөнстан Кыргызстан менен энергетика жана транспорт тармактары боюнча кызматташууга кызыкдар. Бул тууралуу бүгүн, 11-ноябрда "Түркмөнстан бүгүн" мамлекеттик басылмасы жарыялады. 

"Бүгүн Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев жана Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун Ашхабадда өтчү жолугушуусу эки мамлекеттин өнөктөштүгүн жаңы деңгээлге жогорулатууга умтулууну далилдейт. Анын алкагында бир топ маселелер талкууланмакчы. Алардын арасында Кыргызстан менен Түркмөнстандын кызыкчылыктарына жооп берген эл аралык саясаттын актуалдуу маселелери бар. Эки тараптуу кызматташтыктын маанилүү тармактары энергетика жана транспорт болуп саналууда. Мындан тышкары эки мамлекеттин аймактык жана континенталдык долбоорлорго ийгиликтүү интеграциясы алардын экономикаларынын жана жалпы аймактын өнүгүшүнө түрткү болуп берет. Ошентип, Түркмөнстан-Өзбекстан-Тажикстан-Кыргызстан-Кытай маршруту менен кеткен Түркмөнстан-Кытай газ магистралынын төртүнчү бутагынын курулушуна өзгөчө көңүл буруу керек",- деп жазат басылма.

Мындан тышкары басылма Түркмөнстан Кыргызстан менен соода-экономикалык жана гуманитардык тармактарда пайдалуу байланыштарды өнүктүрүүгө ыңгайлуу шарттар бар экенин белгилейт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: