Кыргызстанда быйыл орточо маяна 11 984 сом болгону айтылды
Кыргызстанда 2014-жылдын январь-сентябрь айларында бир кызматкердин орточо маянасы 11 984 сомду түздү, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 8,5 пайызга көп. Улуттук статистика комитетинин Эмгек жана жумуштуулук бөлүмүнүн жетекчиси Гүлнара Жайлообаеванын 11-ноябрдагы маалымат жыйында айтканына таянсак, Улуттук банк аныктаган валюталардын курсуна жараша 2014-жылдын январь-сентябрында бир кызматкердин орточо айлык эмгек акысы 228,1 доллардан айланды. Айлыктардын суммасы жагынан Кыргызстан КМШда Тажикстандан гана алдыда экени айтылды.
Автор: Автандил Добулбеков
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















