super.kg logo
  Саясат  

Тармактык комитет айрым мыйзамдардын күчүн жоготууга багытталган мыйзам долбоорун 1-окууда жактырды

 

Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитетинин 11-ноябрдагы жыйынында “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп эсептөө жөнүндө” мыйзам долбоору каралды. Юстиция министри Алмамбет Шыкмаматовдун айтымында, министрликтин алдындагы Мыйзамдарды инвентаризациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын ишинин жыйынтыгы менен 11 мыйзамды күчүн жоготту деп эсептөө боюнча чечим кабыл алынган. Анын 3 мыйзамы аталган комитетке мүнөздүү. Бул мыйзамдар колдонуудан чыккан, актуалдуулугун жоготкон мыйзамдар болгондуктан, жаңы кабыл алынып жаткан мыйзам актыларына карама-каршылыктарды, коллизияларды жаратпашы үчүн күчүн жоготту деп табуу сунушталган. Депутаттар мыйзам долбоорун биринчи окуудан жактырышты. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: