Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин алдындагы Атайын фонддун жетекчилигине кылмыш иши козголду
Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин алдындагы Атайын фонддун жетекчилигине кылмыш иши козголду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы бүгүн, 11-ноябрда билдирди.
Маалыматка караганда, 2012-жылы Атайын фонд тарабынан Токтогул районундагы суу чарба объектисине атайын техникаларды сатып алуу боюнча тендер өткөн. Анын негизинде жеңүүчү катары “ТД Орусия техникасы” ишканасы табылып, 13 миллион 214 миң сомго атайын техника алып келүү боюнча келишим түзүлгөн. Бирок аталган ишкана 4,5 миллион сомдон ашык акча каражатына техника алып келген эмес. Ошондой эле ишкананын юридикалык дареги да туура эмес болгон. Учурда бул боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:54
2025-06-27

10:13
2025-06-27

13:44
2025-06-26
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
myrza80

11.11.2014. 14:17
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул ишкана да бир чиновнике караштуу болсо керек,бизде бут эле чондор бизнес жасап калган.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.