Мурунку президент Курманбек Бакиевдин бир катар чечимдерин Алмазбек Атамбаев жокко чыгарды
Президент Алмазбек Атамбаев "КРнын Президентинин айрым чечимдери жөнүндө" буйругуна кол койду. Ага ылайык, төмөнкү чечимдер күчүн жоготту деп табылды:
"КРнын Соттук департаменти жана Жогорку Соттун алдындагы Судьяларды окутуу борбору жөнүндө" КРнын Президентинин 2008-жылдын 21-апрелиндеги буйругунун 4-5 пункттары;
"КРнын Президентинин айрым чечимдерине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" КРнын Президентинин 2008-жылдын 26-декабрындагы буйругунун 3-пункту;
"КРнын сот системинин ишмердүүлүгүндөгү айрым маселелер жөнүндө" КРнын Президентинин 2009-жылдын 20-июлундагы буйругу;
"КРнын жергиликтүү сотторунун жардамчылары жана КРнын жергиликтүү сотторунун ишмердүүлүгүнүн башка маселелери тууралуу" КРнын Президентинин 2010-жылдын 12-февралындагы буйругунун 4-5-пункттары;
"КРнын Сот департаменти жана КРнын Жогорку Сотунун алдындагы Судьяларды окутуу борбору жөнүндө" 2008-жылдын 21-апрелиндеги буйругуна толуктоо киргизүү тууралуу" КРнын Президентинин 2010-жылдын 29-сентябрындагы буйругу жана башка чечимдер.
Президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдиргендей, буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

