super.kg logo

Түштүк Кореяда чөгүп кеткен “Севоль” кемесинин капитаны 36 жылга эркинен ажыратылды

 

Түштүк Кореяда чөгүп кеткен “Севоль” кемесинин капитаны 36 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу 11-ноябрда чет элдик басылмалар жазып чыгышты. 

Буга чейин 69 жаштагы Ли Чжун Сок өлүм жазасына тартылышы мүмкүндүгү айтылып жаткан. Айыптоочу да өлүм жазасына тарта турган өкүмдү сураганы белгилүү болду. Кеменин капитаны адам өмүрүн алып кеткен өзгөчө кырдаал учурунда шалаакы мамилеси үчүн күнөөлүү деп табылды. Бирок "адам өлтүрүү" беренеси боюнча акталды. Жакынкы күндөрдө экипаждын калган 4 мүчөсүнө да сот өкүм чыгарат. 

Эске салсак, 16-апрель күнү Түштүк Кореяда жүргүнчүлөрдү ташуучу кеме чөгүп кеткен. Анда 476 адам болгон. Алардын басымдуу бөлүгүн мектеп окуучулары түзгөн. Кырсыктын кесепетинен 295 адам набыт болуп, дагы 10 адам дайынсыз деп изделип жаткан. Бүгүн, 11-ноябрда Түштүк Корея мамлекетинин өкмөтү дайынсыздарды издөөнү токтотуу чечимин кабыл алганы маалым болду. Чөккөн кеме боюнча жүргүзүлгөн тергөө иштеринин жүрүшүндө экипаждын мүчөлөрү кемени биринчилерден болуп таштап кеткендиги аныкталган. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
11.11.2014. 19:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мына сага закон, мына сага тартип, мына сага жазалоо. Мына ушундай тартипти, законду сыйлаган учун куноокорду ушинтип жазалаган учун туштук Корея дуркуроп онугуп жатат. Биздикилер аман эле болгула. Биздикилер толька суйлогонду кыйкырганды жилищно. Кудай колдосо бизда 1000жылдан кийин ушунтип онугуп жашап калабыз мага ишенип койгула алтындарым.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: