super.kg logo

Ош. Коомдук-маданий иш-чараларда активдүүлүгүн көрсөтүп келе жаткан жаштар мэрия тарабынан сыйланды

 

Ош улуттук драма театрында 10-ноябрь - Бүткүл дүйнөлүк жаштар күнүнө жана 17-ноябрь  - Студенттер күнүнө карата салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Ага Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, Ош шаардык кеңешинин депутаты Гүлсана Эсенбаева, вице-мэрлер жана шаардын активдүү жаштары катышты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы бүгүн, 11-ноябрда билдирди.

Маалыматка ылайык, анда мэр жаштарды майрамы менен куттуктап, Ош шаарынын жалпы жаштарынын келечеги кең экенин белгиледи. Андан соң майрамдык салтанаттын алкагында Ош шаарында окуп, иштеп, коомдук маданий иш-чараларга активдүү катышып келе жаткан жаштарга мэрдин Ардак грамоталары, стипендиясы тапшырылды. Ошондой эле Ош шаарынын атынан ар кандай эл аралык жана республикалык спорттук, маданий иш-чараларга катышкан жаштарга Ардак грамота ыйгарылды. Андан соң жалпы келген конокторго концерттик программа тартууланды. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: