super.kg logo
  Саясат  

Таластан келген дыйкандар депутаттарга арыз-муңун айтышты

 
Бүгүн, 11-ноябрда КСДП фракциясынын жыйынында депутат Данияр Тербишалиев аталган фракциянын депутаттык атайын комиссиясынын жыйынтыктоочу маалыматын окуп берди. Анда таластык дыйкандардын негизги нааразычылыктары айтылат:  
" - Өкмөттүн Талас облусундагы өкүлү К.Курманалиева "төө буурчак кардын алдында калып, сары ала болуп калды" деп инвесторлорду качырууда.
- Премьер-министр Ж.Оторбаев Талас облусуна болгон иш сапарында "быйыл төө буурчактын баасы килограммына 120 сомдун тегерегин түзөт" деп элди ишендирип кеткен, бирок бул өсүмдүктүн баасы 60 сомдон ашпай жатат.
- Айыл чарба жана мелиорация министрлиги быйыл дыйкандарга төө буурчактын баасы Аргентина, Египет, Бразилия, Кытай мамлекеттеринде түшүмдүн мол болгонуна байланыштуу төмөн болуп жатканын айтып, башка айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүү боюнча маалымат таркатып, кыскасы, жардам берген жок"





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: