super.kg logo

Ысык-Көл облусунда балдар үйүндө күнөсканалар ачылды

 

Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Ак-Булуң айылындагы "Мээрим булагы" балдар үйүнүн базасында жана Ак-Булак айылындагы "Байэл" балдар бакчасында күнөсканалардын ачылышы болду. Бул тууралуу "Карагат+" программасынын басма сөз катчысы Ариана Чолпонкадырова билдирди. 

Ысык-Көл облусунун экономикасын комплекстүү өнүктүрүү максатында жүргүзүлгөн программанын алкагында ишке ашкан долбоордун координатору Жаныбек Пакыров"Балдар бакчасындагы инновациялык күнөсканалардын жардамы менен жыл бою балдарды жаңы жана экологиялык таза жашылчалар менен камсыз кылуу гана эмес, каржылоонун кошумча булагы пайда болмокчу. Күнөсканаларды куруудан мурда биз бул мекемелердин окутуучуларын жана тарбиячыларын аталган чарбанын көндүмдөрүнө окуттук. Болочокто күнөсканада өстүрүлгөн экологиялык таза жашылчалар бул мекемелердеги балдар тамак-ашын ар түрдүү кылууга жана витаминдердин тартыштыгы көйгөйүн чечүүгө жардам бермекчи",- дейт. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: