super.kg logo

Ош. Жарандыгы жок 30 адамга паспорттор берилди

 
Ош шаарында бүгүн, 11-ноябрда жарандыгы жок жана жашаган жери боюнча мурда катталбаган 30 адамга паспорттор тапшырылды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Паспортторду тапшыруу аземинде аталган аймактагы калкты каттоочу 28 көп функционалдуу мобилдик топтордун активдүү мүчөлөрүнө Ардак грамоталар тапшырылды. Белгилүү болгондой, аталган топтор ар бир айыл өкмөттө, алыскы райондордо иштешет. Алар жергиликтүү калкка бекер юридикалык кеңештерди, жарандыгын аныктоо үчүн документтерин берүүгө көмөк көрсөтүшөт.

Маалым болгондой, бир жыл ичинде Ош шаарында, Ош жана Жалал-Абад облустарында, ошондой эле Чүй облусунун үч пилоттук райондорунда иштер жүргүзүлгөн. Бүгүнкү күндө аталган топтордун тизмесине жарандыгы жана документи жок 5,5 миңдей адам катталган. Алардын дээрлик бөлүгү ушул жылдын аягына чейин жаңы паспорт же туулгандыгы тууралуу күбөлүк алмакчы.

Иш-чарага Ош шаарынын мэриясынын коргоо жана укуктук тартип бөлүмүнүн башчысы Турсунай Айтматова, Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты каттоо департаментинин директору Дүйшөн Сатыбалдиев, БУУнун Жогорку комиссар башкармалыгынын башчысы Йоханн Сиффоант, Ош жана Жалал-Абад облустарынын паспорт-виза бөлүмүнүн башчылары катышты. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(6)
11.11.2014. 17:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ozbekter ele algan okshoit ozbekstandan kelip
11.11.2014. 17:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Буларга эмне жумуш кылып жатабыз деп мактанса болду да лолулорго да берип салышат да. Нак Кыргызстандыктардын баардыгынын поспорту бар.каяктан келген булар озу жарандыгы жок.чек арадан эптеп оттуп келгендерге темсеелеп жургондорго деле беребереби?
Manasasman түзөттү 11.11.2014 18:01
11.11.2014. 19:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Башка мамлекеттин гражданствосун алып кеткендердин ордун толтуруу учун ар жактан келген адамдарга бере беришет
11.11.2014. 23:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эээ туугандар жети олчоп бир кескиле паспортту ар кимге бере бербегиле чет жакта кыргыздын паспорту менен кылмыш кылып кыргыздын баркына дак тушургондор кобойудоо.
11.11.2014. 23:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыздар ТСга кошулат дегенин угуп эми баары паспорт алат тажик озбеги.
12.11.2014. 07:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кайдакы озбекстандан качып келген озбектерге бериптир да,биздин озубуздун Кыргыз жарандарынын канчасынын паспорту жок ошолорго берсе болот эле.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: