super.kg logo
  Саясат  

Кыргызстан менен Түркмөнстандын ортосунда 9 документке кол коюлду

 
Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин Түркмөнстандагы иш сапарынын жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду. Алар эки өлкөнүн кызматташтыгын бекемдөө багытындагы келишим, меморандум жана макулдашуулар. Кыргыз-түркмөн мамилесин активдештирүүчү документтер: 
 
- Кыргызстан менен Түркмөнстандын ортосундагы достук, өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө келишим;
- Кыргызстан менен Түркмөнстандын өкмөттөрүнүн ортосундагы соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызмтташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-түркмөн комиссиясы жөнүндө макулдашуу;
- Кыргызстандын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен Түркмөнстандын Маданият министрлигинин ортосундагы маданият тармагы боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
- Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасы менен Түркмөнстандын Соода-өндүрүш палатасынын ортосундагы кызматташтык жөнүндө макулдашуу; 
- Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин Казы Дыйканбаев атындагы Дипломатиялык академиясы менен Түркмөнстандын Тышкы иштер министрлигинин Эл аралык мамилелер институтунун ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандум; 
- Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги менен Түркмөнстандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин ортосундагы кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
- Кыргызстандын өкмөтү менен Түркмөнстандын өкмөтүнүн ортосундагы салык мыйзамдуулугун сактоо боюнча кызматташуу жана кайтарымдуу жардам боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
- Кыргыз өкмөтүнүн алдындагы Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы менен Түркмөнстандын Каржы министрлигинин ортосундагы кылмыштуу жолдор менен табылган кирешелерди легалдаштыруу жана терроризмди каржылоого каршы күрөшүү боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
- Дене тарбия тармагындагы макулдашуу. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: