Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын кызматкери 30 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды
Баткен облусунда Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын кызматкери 30 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 11-ноябрда билдирди.
Маалыматка караганда, аталган облустун Ички иштер башкармалыгына жергиликтүү тургун кайрылган. Анда ал бизнеске ылайыктуу жайга курулуш иштерин жүргүзүү үчүн Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын кызматкери 30 миң сом пара талап кылып жатканын айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, 30 миң сом пара алып жаткан жеринен аталган кызматкер кармалды. Учурда кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
al-abu-kinesz

11.11.2014. 18:04
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Манастан Чубак кем бекен
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.