super.kg logo

"Соода агентин тоногонго аракет кылып ок чыгарган” деп шектелип 3 жаран кармалды

 

Жал кичи районунда Бишкектин тургунун тоноого аракет кылып ок чыгарган 3 жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 11-ноябрда маалымат жыйынында Бишкек ШИИББинин жетекчисинин орун басары Александр Белунскас билдирди.

Маалым болгондой, окуя 1-июль күнү саат 08:00 чамасында болгон. Ишканалардын биринде соода агенти болуп иштеген шаардын 32 жаштагы тургуну жумушка кетип бара жаткан. Аны үйүнүн жанынан 25-30 жаштар чамасындагы 3 жаран ок атуучу курал менен коркутуп, акчасын тартып алууга аракет кылган. Белгилүү болгондой, жабырлануучу ал күнү кассага чогултулган акчаны алып бармак. Аны тоноого аракет кылганда ал каршылык көрсөткөн, ага карата кылмышкерлер ок чыгарган. Жабырлануучу окуя болгон жерден унаасына отуруп качканга жетишкен. Кийин ал №4-шаардык ооруканага түшүп, анын денесинен эки желим ок алынган.

“Иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 3 баладан турган топ кармалды. Алардын баары тең Чүй облусунун 33 жаштагы О.Кубан, 20 жаштагы К.Эламан жана 18 жаштагы Т.Бегалы аттуу тургундары. 8-ноябрь күнү шектүүлөргө карата 168-берене (каракчылык) боюнча кылмыш иши козголуп, №1-СИЗОго жайгаштырылды. Учурда шектүүлөр өз күнөөсүн мойнуна алышкан, ошондой эле алардын башка кылмыштарга тиешеси бар же жоктугу текшерилүүдө”,- дейт А.Белунскас.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
11.11.2014. 19:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бекер, арам оокатка конгон эшектер!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: