super.kg logo

Бишкекте букмекердик клубдарды тоноп жүргөн жарандар кармалды

 

Бишкек шаарында 10-ноябрь күнү букмекердик клубдарды тоноо боюнча 7 фактыга тиешеси бар топ кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 11-ноябрда Бишкек ШИИББинин жетекчисинин орун басары Александр Белунскас билдирди. 

Маалым болгондой, буга чейин Биринчи Май районунда, Октябрь жана Свердлов райондорунда жайгашкан букмекердик клубдар тонолгон. Бишкек ШИИББинин маалыматына ылайык, 5 тоноо фактысы боюнча видеотасма аталган клубдардын ичинде жайгашкан камераларга түшүрүлгөн.  

“Иликтөө иштеринин натыйжасында аталган кылмыштардын баарын бир топ жасап жаткандыгы аныкталган. Шектүү катары 20 жаштагы К.Рысбек жана мурда сот жообуна тартылган 19 жаштагы С. уулу Нуржигит кармалган. Биринчи Май районунун аймагында 3 тоноо фактысы катталган. Алсак, 8-октябрь күнү саат 05:30 чамасында 20-25 жаштардагы белгисиз адамдар Москва көчөсүндө жайгашкан букмекердик клубдардын биринен ок атуучу курал менен коркутуп 15 миң сом алып кетишкен. Ошондой эле 13-октябрь күнү саат 05:15 чамасында ошол эле көчөдөгү дагы бир букмекердик клубдан ок атуучу курал менен коркутуп 67 миң сом акча уурдашкан. Ал эми 11-октябрь күнү Чүй проспектиндеги букмекер клубунан 10 миң сомдук "Самсунг" үлгүсүндөгү уюлдук аппаратын алып кеткен. 10-ноябрь күнү саат 04:00 чамасында Горький көчөсүндөгү букмекер кеңсесинен 113 880 сом алып изин суутуп кетишкен",- дейт А.Белунскас.  

Белгилүү болгондой, аталган топтун мүчөлөрү мындан сырткары да 3 букмекер клубдарын тоношкон.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө аталган топ букмекердик клубдарга 429 миң сом зыян келтиргени аныкталган. Учурда бул иш боюнча тергөө амалдары жүрүүдө. 

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: