super.kg logo
  Саясат  

Букмекер кеңселери менен тотализатор бюролоруна тыюу салган мыйзам долбоорлору бириктирилет

 

Бүгүн, 11-ноябрда Жогорку Кеңештин Экономика жаан фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында букмекердик кеңселер менен тотализатор бюролоруна тыюу салууга багытталган мыйзам долбоорлору талкууланды.

Демилгечилердин бири, депутат Майрамбек Расулов азыркы убакта букмекердик кеңселердин жана тотализаторлордун ишине тыюу салуу элге өтө зарыл болуп жатканына токтолду. “Жаштар, анын ичинде өспүрүмдөр оюн-зоок салондору менен автоматтарынын кызматтарынан пайдаланган адамдардын негизги массасын түзөт. Мыйзам долбоорунун маалымат-негиздемесинде букмекердик кеңселердин жана тотализаторлордун атынан бюджетке төлөнүп жаткан салыктын кирешеси чоң сумманы түзбөстүгү белгиленген",- деди депутат.

Жыйында “КРнын айрым мыйзам актыларына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралды. Бул долбоордун максаты да жогорку мыйзам долбооруна окшош экени айтылды. Депутат Мирлан Бакиров бул документтерди бириктирүүгө макул экенин билдирди.  

Комитет мүчөлөрү мыйзам долбоорлорун бириктирип, бир долбоор катары 1-окууга чыгаруу чечимин кабыл алышты. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: