super.kg logo
  Саясат  

Каржы министрлигинин статс-катчысы министрликтин Талас облусундагы бөлүмдөрүн көрүп чыкты

 

Каржы министрлигинин статс-катчысы Зуура Баяманова жетектеген жумушчу топ өткөн аптада министрликтин Талас шаардык каржы жана аймактык казына бөлүмдөрүнүн, Бакай-Ата, Кара-Буура, Манас райондук финансы жана аймактык казына бөлүмдөрүнүн абалы менен таанышып чыгышты. Жумушчу топтун максаты - министрликте жүргүзүлүп жаткан коррупцияга каршы иш-чаралардын натыйжалуулугун жогорулатуу, коррупциянын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.

Статс-катчы Талас облусундагы каржы кызматкерлеринен коррупциянын алдын алууга багытталган ченемдик-укуктук актыларды, министрликтин буйруктарын өз убагында жана сапаттуу аткарууну суранды. Ошону менен бирге борбордук аппарат менен байланышты заманбап технологиялардын жардамы менен жакшыртуу, тиешелүү документтерди өз убагында борбордук аппаратка берүү, жергиликтүү бюджеттик мекемелер менен иштин натыйжалуулугун күчөтүү боюнча тапшырмаларды берди. Аймактык бөлүмдөрдүн кызматкерлери келерки жылы аттестациядан өтө тургандыгын белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: