Бишкекте жеке менчик нотариус "жасалма документ даярдаган" деп айыпталууда
Бишкектеги жеке менчик нотариустардын биринде кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу жана жасалма документтерди даярдоо кылмышы катталды. ИИМдин маалыматына таянсак, 2012-жылы менчик нотариус банктан насыя алуу ишинде батирди күрөөгө коюу үчүн жубайлардын биринин макулдугун тастыктоочу жасалма документ берген. Документтеги колдун (подпись) жасалма түрдө коюлганы айтылды. Жубайлардын бири чет өлкөдөн кайтып келгенде гана батири банкка күрөөгө коюлуп калганын билген. Тийиштүү орган мыйзам бузуу болгонун аныктагандан кийин кылмыш иши козголуп, учурда иликтөө жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.