Мурат Исмаилов: "Жаңы конуштарды өнүктүрүү үчүн республикалык бюджеттен 700 миллион сом бөлүү керек"
Бишкек мэриясы: "Жаңы конуштарды өнүктүрүү үчүн республикалык бюджеттен 700 миллион сом бөлүнүшү керек". Бул тууралуу Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Мурат Исмаилов маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, ушул жылы депутаттар 2012-2014-жылда жаңы конуштарды өнүктүрүү программасын кабыл алышып, ага жыл сайын республикалык бюджеттен 500-800 миллион сом бөлүнмөй болду. “Биз бюджеттен 500-700 миллион сом бөлүп берүүсүн суранганбыз, бүгүнкү күндө мамлекеттик бюджеттен Бишкектин жолдоруна 1 миллион сом, ал эми жаңы конуштарга 1 миллион сом бөлүнгөн, бул акча каражаты жетпейт”,- деди Исмаилов.
Автор: Ширин Жумадилова
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:58
2025-06-25

14:29
2025-06-25

11:43
2025-06-25

11:35
2025-06-25

Рейтинг:
0

