super.kg logo

Бишкекте Илимдер академиясында жетекчилик кылган бир катар академиктердин айкелдерин ачуу аземи өтөт

 

Бишкекте эртең, 13-ноябрда КРнын Улуттук илимдер академиясынын алдында ар кайсы жылдар аралыктарында жетекчи болуп турган академиктер Константин Скрябиндин, Иса Ахунбаевдин, Курман-Гали Каракеевдин, Муса Адышевдин айкелдерин ачуу аземи өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 12-ноябрда академиянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чаранын алкагында КМШ өлкөлөрүнүн Фундаменталдык илимий изилдөөлөр тармагындагы кызматташуу боюнча кеңешинин 3-жыйыны өтөт. Ага КРнын УИАнын президенти, академик А.Эркебаев, Орусиянын Илимдер академиясынын президиумунун мүчөсү Н.Лавёров, С.Умиров атындагы Физика-техникалык институттун директору, Тажикстандын Илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти Х.Муминов жана бир катар эл аралык өкүлдөрдүн катышуусу күтүлүүдө. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: