super.kg logo
  Саясат  

"Баткенде Жогорку Кеңештин эксперттик тобунун өкүлдөрүнө кол көтөрүү болуп жатыптыр"

 

"Баткенде Жогорку Кеңештин эксперттик тобунун өкүлдөрүнө кол көтөрүү болуп жатыптыр". Муну парламенттин 12-ноябрдагы жыйынында депутат Ташполот Балтабаев билдирди. Анын айтымында, Баткендин Ак-Турпак айыл өкмөтүндөгү мыйзамсыз сатылган жерлерди текшерүү үчүн түзүлгөн Жогорку Кеңештин депутаттык комиссиясынын эксперттик тобуна айыл өкмөт жетекчилиги кол көтөрүп жатат.  

“Аймактардагы мыйзамсыз сатылып жаткан жерлерди текшерип чыгуу үчүн депутаттык комссия түзүп, Чүйдүн бир айыл өкмөтүн, Баткендин бир айыл өкмөтүн тандап алганбыз. Баткендин Ак-Турпак айыл өкмөтүндө эксперттик топ иштеп жаткан. Бирок Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн жетекчиси эксперттик топко кол көтөрүп, текшерүүгө жол бербей жатыптыр. Айыл өкмөттүн жетекчилери Жогорку Кеңештин токтомун тоготпой, кол көтөрүп жатканы кандай? Парламент айыл өкмөттүн деңгээлиндеги маселени чече албаса, эмне дегендик?”- деди ал. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: