Жогорку Кеңеш 13-ноябрда 2015-жылдын бюджетин карайт
Жогорку Кеңеш 13-ноябрдагы жыйынында "2015-жылга республикалык бюджет жана 2016-2017-жылдарга карата болжолу жөнүндө" мыйзам долбоорун карайт. Спикер Асылбек Жээнбеков бул мыйзам долбоору боюнча чоң талкуу болорун айтты. “Эртең бул маселе боюнча өкмөт башчы жана өкмөт мүчөлөрү чакырылат. Көп убакытты алат, ошондуктан бүгүн Бажы биримдигине байланышкан мыйзам долбоорлорун жана бир катар маселелерди карап алалы”,- деди.
Айта кетсек, Бажы биримдигине байланышкан мыйзам долбоорлорун Жогорку Кеңештин тийиштүү комитеттери карап чыгышкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

